“Бишкек Арена” Борбор Азия үчүн жогорку деңгээлди көрсөттү – студент

Коом 9 октябрь 2026 10:40
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Акыркы алты жылда Кыргызстанда бир топ өзгөрүүлөр болду: инфраструктура жаңыланып, шаар чөйрөсү өзгөрүп, социалдык жана транспорттук жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Президент Садыр Жапаров бул мезгилге баа берип жатып, экономиканын турукташканын жана өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеген.

“Кабар” маалымат агенттигинин кабарчылары Бишкек шаарынын тургундары менен баарлашып, алар күнүмдүк жашоосунда кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатканын жана дагы кайсы багыттарды жакшыртуу зарылдыгын сурашты.

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин студенти Рамис Тургунбек уулу акыркы жылдары Кыргызстанда көптөгөн байкаларлык өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Ал борбор калаанын инфраструктурасындагы ири өзгөрүүлөргө жана “Бишкек Арена” стадионунун ачылышына оң баа берди. Анын пикиринде, бул объект Борбор Азия боюнча жогорку деңгээлди көрсөттү.

Келечек тууралуу сөз кылып жатып, студент жаштардын жана студенттердин чет өлкөдөн жакшы жашоо издөөгө мажбур болбой, өз мекенинде калып иштөөсү үчүн Кыргызстанда бардык шарттар түзүлөт деген үмүтүн билдирди.

Мындан тышкары, ал турак жайды ижарага алуу баасынын жогору экенин белгилеп, бул маселени чечүү зарылдыгына токтолду.