Арслан Койчиев Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушту

Саясат 25 сентябрь 2026 16:22
WhatsApp Image 2026-09-25 at 16.20.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 16.20.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-25 at 16.20.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 16.20.33.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Астана шаарында Казакстандын пице-президенти Ерлан Карин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки боордош элдин ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелердин бекемделишине негиз болгон өз ара урмат-сый, ынтымак, биримдик, өз ара жардамдашуу жана түшүнүшүү принциптеринин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууда кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы кылымдардан бери калыптанган тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштарды сактоо жана мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар өз ара колдоону жана конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, эки боордош мамлекеттин ортосундагы коомдук жана гуманитардык байланыштарды мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алмашты.