Бишкек 1-сентябрга кызуу даярдык көрүүдө. Жолдор оңдолуп, балдар коопсуздугу көзөмөлдө

Коом Загрузка... 25 Август 2025 16:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 25.08.2025. /Кабар/. Күздүн келиши менен Бишкек кайрадан транспорттук коллапска кептелди. Окуучулар менен студенттердин окуулары башталып, ата-энелер жумушка шашкан маалда, шаардын көптөгөн көчөлөрү ири жол оңдоо иштеринен улам дагы деле жабык турат.

Убактылуу ыңгайсыздыктарга карабастан, бийлик өкүлдөрү келечекте шаардагы жолдор ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын белгилешүүдө.

Учурда жолдордун жабылышынан улам, таңкы убакта кыймыл көбүрөөк болуп, жол жүрүүгө мурункуга караганда көбүрөк убакыт талап кылынууда. Тургундар бул абалды социалдык тармактарда активдүү талкуулап, нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Шаар мэриясы тургундарга бара турган багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууга кеңеш берүүдө. Бирок, азырынча калаа тургундарынын көпчүлүгү бул кеңешке канааттанбайт. Анткени, коомдук транспорттун өзү деле тыгындарда турат.

“1-сентябрга чейин кайсы көчөлөр ачылат” деген суроого мэрия азырынча жооп бере элек.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 22-августунан тарта Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн бөлүктөрү убактылуу эки тараптуу болгон. Алсак, Киев көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки жана Токтогул көчөсүнүн Эркиндин бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

Белгилей кетсек, мындай чечим Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсү жабылганына байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулунун айтымында, окуу жылынын биринчи күнүндө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. 1-сентябрь күнү шаардагы бардык мектептердин жанында жол кайгуул кызматынын кызматкерлери таңкы саат 6дан баштап, майрамдык иш-чаралар бүткөнгө чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Мындан тышкары, бул иш-чарага өспүрүмдөр иши боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлери да тартылат.

“Агартуу министрлиги менен биргеликте окуучулар үчүн жол кыймылынын эрежелери боюнча сабактарды, акцияларды жана машыгууларды камтыган атайын план иштелип чыккан.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерден балдардын мектепке барып-келүү жол схемасын толук үйрөнгөнгө чейин, алардын жанына кошулуп жүрүүсүн сунуш кылат. Бул тобекелдиктерди азайтууга жана жолдо коопсуз жүрүү адатын бекемдөөгө жардам берет”,-деди ал.

Убактылуу тыгындарга жана оңдоо иштерине карабастан, Бишкек жаңы окуу жылын транспорттук инфраструктуранын жаңылануусуна үмүт менен жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен тосуп алат.