Биринчи Май районунда жаңы мал базар аз күндө ачылат

Коом 2 сентябрь 2025 17:00
WhatsApp Image 2025-09-02 at 16.44.21 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 16.44.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 16.44.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 16.44.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 16.44.19.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. Биринчи Май районунун аймагында Юбилейная көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишинде ветеринардык коргоо зоналарынын талаптарына жооп берген жаңы мал базардын курулушу аяктап жатат.

Мэриядан билдиришкендей, базардын аянты 4 гектарды түзөт. Ал 1500 бодо малды жана 6000 майда малды кармоого ылайыкталган. Мындан тышкары 300 жумушчу орун түзүү пландалууда. Аймакта чарбалык сарайлар тургузулуп, аянты 360 чарчы метр болгон заманбап ашкана курулуп, мал союучу жайды куруу иштери улантылууда.

Жаңы базардын ачылышы 6-сентябрга белгиленген.

Бүгүнкү күндөн баштап мал базардын сатуучулары жайгашып, акырындык менен жаңы аймакка көчүп келе алышат. Учурда Пригородный базары толугу менен көчүп, «Жантай», «Эски толчок», «Расул-Ата» жана башка базарларды көчүрүү иштери уланууда.