Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Коом Загрузка... 08 Сентябрь 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имараттын жалпы аянты 2 927 чарчы метрди, ал эми жер тилкесинин жалпы аянты 0,8 га түзөт. Аймакта 9 оюн аянтчасы курулат, айланасы бийиктиги 2,5 метр болгон темир тосмо менен тосулат.

Биринчи кабатта 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, ашкана, медициналык кабинет, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, ошондой эле чарбалык жана техникалык жайлар жайгашат. Экинчи кабатта дагы 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, бөлүм башчынын кабинети, музыка жана дене тарбия сабактары үчүн залдар, кампалар жана кошумча бөлмөлөр каралган.