Бириккен товар өндүрүүчүлөргө 89 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 27 Октябрь 2025 18:08
26b66bde-76a0-4573-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. 9-октябрга карата "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоорунун алкагында республика боюнча 89,20 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 13 каржылоо субъекттерине берилди.

Долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтары катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 2 млрд 200 млн сомду түзөт.

Аталган долбоор майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен бекитилген.