Бириккен товар өндүрүүчүлөр 100 млн сом жеңилдетилген насыя алышты

Экономика Загрузка... 28 Ноябрь 2025 16:37
535096526.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Өлкөдө "Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо" долбоору боюнча 15 каржылоо субъекттерине 100 млн 70 миң сом жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк” жана "Элдик Банк" ААКтары катышууда. Аларды насыялоонун көлөмү 2 млрд 200 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, бул долбоор майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялык каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин тескемеси менен бекитилген.