Эмне үчүн айыл чарба кооперативдерине биригүү пайдалуу - фермердин пикири

Коом Загрузка... 27 Март 2025 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Айыл чарба кооперативине биригүүнүн артыкчылыгы жана пайдасы -  фермерлердин иши жеңилдеп, эмгеги акталат, - дейт Сокулук районундагы "Баракат" айыл чарба кооперативинин төрагасы Мухтар Магомедов. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, алар биригип, кооператив болуп түзүлгөндөн кийин материалдык-техникалык база жакшырып, өндүргөн продукциянын көлөмү көбөйгөн.  

“Учурда кооперативдин мүчөлөрү биргелешип 140 гектар жерди иштетип, өндүрүштүн көлөмү өсүүдө. Алар буудай, арпа жана жүгөрү айдашат. Былтыр мындагы элеттиктер жакшы түшүм алууга жетишкен. Мисалы, дан эгиндеринен гектарынан 26 центнерден, ал эми жүгөрүнүн гектарынан 120-130 центнерден түшүм алышкан. Айдап себүү жумуштарына керектүү техникалары да жетиштүү. Автопаркта 30 дан ашык техника бар“,-деди ал.

Мындан сырткары, биригүүдөн кийин мындагы дыйкан-фермерлер мал чарбачылыгын да колго алышкан. Азыркы тапта сарайда 20 дан ашык уй жана 60 баш бука багып жатышкандыгы кошумчаланды. 

Белгилей кетсек, министрлик жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте “Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү Программасын” региондордо ишке ашыруу ишин алып барууда.