Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Бир жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул фактылар жалпы алыскы, жакынкы туугандарынын ортосундагы, үй-бүлөдөгү келишпестиктерден улам келип чыккан.
“Кылмыштардын арасында үй-бүлө зомбулукка тиешелүү фактыларга токтолсом, киши өлтүрүү боюнча 31 факты катталган. Кылмыш-жаза кодексинде атайын беренелердин негизинде жоопкерчиликтер бар. Үй-бүлөлүк зомбулукка карата жоопкерчилик 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Андан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинде атайын 70-71-72-беренелер бар. Мисалы, 70-беренеде өтө оор залака алып келбеген кылмыштар соттун чечими, Укук бузуулар кодекси менен 3төн 7 суткага чейин камалат же 40 сааттык коомдук иштерге тартылат. Ал эми 71-берене боюнча убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузууда же бир айдын ичинде кайра үй-бүлөлүк зомбулук факты аныкталса 3төн 7 сутка эмес, 7ден 14 суткага чейин камалат”,- деди Сапарбаев.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2025-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 16 миң 284 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 31,2% же 3 874 учурга көп.