Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда эң эрте жаз келген Араван районунда картошка эгиле баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, азыр эгиле баштаган картошкалар май айында бышып, сатууга даяр болот. 90 сотых жерге картошка айдаган фермер май айында 20 тоннадан ашык түшүм алууну пландоодо. Эгерде картошканын "ривьера" сорту эгилсе ал эрте бышат. Натыйжада бир сезондо 2-3 жолу түшүм алса болот.
Аймактык фермерлер талааларын күзүндө даярдап, жерин байытып, дары-дармек, жер семирткичтер жана витаминдер менен камсыз кылып жатышат.
Бул ишке Айыл чарба министрлиги да активдүү колдоо көрсөтүп, фермерлерге техника жана талаага керектелүүчү дары-дармектерди берүүдө.
"Картошкалар Кыргызстандагы ички рынокко гана эмес, коншу мамлекеттерге да экспорттоло баштагандыктан, жакшы экономикалык киреше алып келүүдө. Ошондой эле аймактык фермерлер жергиликтүү тургундарды жумушка тартуу менен күнүнө 1 500 сомдон төлөп, экономикалык жактан да салымын кошууда", - деп айтылат маалыматта.