Быйыл 128 өндүрүш ишканасын ишке берүү мерчемделген. Учурда алардын басымдуу бөлүгү иштеп баштады. Алардын катарында “Глобал Бетон” жоопкерчилиги чектелген коомунун темир-бетон заводу да бар. Бул ирет биз аталган заводдун ишмердүүлүгүнө токтолобуз.
“Глобал Бетон” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору Адилет Адентур уулу “Кабар” агенттигине билдиргендей, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылындагы “Глобал Бетон” ишканасынын темир-бетон заводунун курулушу долбоорго ылайык, 2024-жылдын август айында башталган.

“Биз долбоорубузду ишке ашыруу үчүн Түп районунун акимчилигине кайрылып, заводду куруу үчүн 3 гектар, карьер үчүн 5 гектар жер алганбыз. Курулуш иштерин август айында баштаганбыз. Ортодон кыш мезгилине байланыштуу иштер убактылуу токтоп, кайра жазында жанданды. 5-6 айдын ичинде курулуш иштери толугу менен жыйынтыкталып, завод ачылды”, - деди ал.
Жаңы өндүрүштүн ачылышы менен жергиликтүү тургундар жаңы жумуш орундары менен камсыздалды. Адилет Адентур уулунун айтымында, учурда Каркыра айыл аймагынан ишке алынган кызматкерлердин саны 20дан ашты. Алдыда дагы жумушчулардын саны көбөйтүлөт.

Долбоорго жалпы суммасы 1 млн АКШ долларынан ашык өлчөмдө инвестиция салынды. Заводго керектүү жабдуулар 500 миң доллардын тегерегиндеги каражатка сатылып алынды. Жакында эле ишкана темир-бетон продукцияларынын сапатын тастыктаган лицензияны алды.
“Завод саатына 60 куб метр бетон жана 130 тоннага чейин таш майдалай алат. Эми ири буюртмаларды кабыл алып баштайбыз. Суроо-талапка жараша чыгарыла турган продукциялардын түрүн көбөйтөбүз деп турабыз. Пескоблок, бордюр жана башкаларды чыгаруу планда бар. Биздин продукция эл аралык стандарттарга жооп берет. Сапаты жагынан маселе жаралбайт”, - дейт Адилет Адентур уулу.

Белгилей кетсек, Кең-Суу айылындагы “Глобал Бетон” ишканасынын темир-бетон заводу Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда расмий ачылган.
Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маалымдагандай, 29-августта жалпы жонунан өлкө боюнча 67 өндүрүш ишканасы ачылды.
"Президент жыл сайын социалдык объекттерге катарлаш эле 100 өндүрүш объекттисин пайдаланууга берүүнү тапшырган. Быйыл министрлер кабинети 134 ишкана пайдаланууга берүүнү пландаган. Эгемендүүлүк майрамына карата 67 ишкана ишке берилип жатат", - деген Адылбек Касымалиев.