Бир жумада 36 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Коом 178 17 Август 2026 11:30
778173130_1364836102445472_825757286921241163_n.jpg
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. 7-августтан 13-августка чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 36 миң 536 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тиешелүү документтери унаа башкаруу – 1 003;
  • мас абалында унаа башкаруу – 534;
  • унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 288;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кыймылынын эрежелерин бузуу – 1 942;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 5 865;
  • автоээнбаштык фактысы – 32;
  • белгиленген ылдамдык чегинен ашуу – 2 129;
  • жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен унаа башкаруу – 19;
  • жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу фактылары – 21 172.

Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 552 унаа атайын айып короого киргизилди.