Бир жумада 2 миң тоннага жакын көмүр сатылды

Коом 158 18 Август 2026 16:20
619603258_142801211.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандар кышкы жылытуу мезгилине алдын ала даярданып, көмүр сатып ала баштады. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы бир жумада Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 2 миң тоннага жакын көмүр сатылган.

Ишкана жарандарды көмүрдү суроо-талап күчөгөн мезгилге калтырбай, жылытуу мезгилине алдын ала камдап алууга чакырды.

Белгиленгендей, көмүр сатылган базалардын даректери жана байланыш номерлери "Кыргызкөмүрдүн" расмий социалдык тармактарындагы баракчаларында жана 2GIS тиркемесинде көрсөтүлгөн.