Бир жума ичинде 362 мас айдоочу кармалды – ЖКККББ

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 10:37
738040695_3896344710508699_6453834927565788977_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 04.07.26. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 29-июндан 4-июлга чейин жол эрежесин бузуу фактылары тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 24 985 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 2 539;
  • Мас абалында транспорт каражатын башкаруу — 362;
  • Автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 193;
  • Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 238;
  • Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 502;
  • Автоээнбаштык — 52;
  • Белгиленген ылдамдык чектөөсүн ашыруу — 2 135;
  • Жалган мамлекеттик номер белгиси менен транспорт каражатын башкаруу — 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 9 267.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 691 автоунаа убактылуу токтотулуучу айып короо жайына токтотулду.