Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда бир жума ичинде 348 мас айдоочу кармалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 26-майдан 1-июнга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 280 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 817;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 348;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 145;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 350;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 024;
- Авто ээнбаштык - 45;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 504;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 8;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 582;
Ал эми, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 457 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.