Бир суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 26 февраль 2026 10:55
Бир суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Ош облусунда – 3;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Ош шаарында – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.