Бир суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 6 март 2026 09:12
Бир суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ош шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.