Бир суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 18 февраль 2026 10:46
Бир суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бир суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Чүй облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Бишкек шаарында – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Ош шаарында – 1

Тилсиз жоону өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.