Бир кезде токтоп турган “Кара-Балта спирт заводу” ишканасынын өндүрүшү өрүш алды

Экономика Загрузка... 23 Октябрь 2025 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы соңку 4 жылда толук кубаттуулукта туруктуу иштеп, кирешеге чыкты. Ортодо 7 жыл иштебей токтоп калган завод азыр сапаттуу спирт жана алкаголдук продукцияларды өндүрүп, сапат стандарттарын аныктаган Россия, Беларуста өткөн эл аралык сынакта күмүш, алтын медалдарга ээ болду.

Жалпысынан завод бюджетке 2021-жылы 73 млн сом төксө, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 542 млн сом төгүп, 7 эсе көп каражат казынага төгүлгөндүгүн "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аман Ибраев "Кабар" агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-10-22 at 20.22.38.jpeg

Анын айтымында, 2022-жылы этил спиртин өндүрүү жана сатуу боюнча мамлекеттик монополия киргизилгенден кийин, алкоголдук продукция чыгаруучу ишканалардын акциздик салыгынын көлөмү кыйла өскөн. Мисалы, акциздик салыктын көлөмү 2021-жылы 1,2 млрд сомду түзсө, 2024-жылы 4,29 млрд сомго жеткен.

“2021-жылдан бери "Кара-Балта спирт заводу" үзгүлтүксүз иштеп, мамлекетти этил спирти жана медициналык спирт менен толук кандуу камсыздайт. Андан тышкары, “Сокулук” алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү заводдун филиалында этил спиртинен даярдалган 28 түр алкоголдук ичимдиктер чыгарылат. Экинчи “ИДЕАЛ-ФАРМ” фармацевтикалык продукцияларды өндүргөн заводдун филиалында дезинфекциялоочу каражаттар, медициналык спирт жана парюфмерия-косметикалык каражаттар чыгарылат. Азыркы учурда заводдун кубаттуулук көлөмүнө токтолсок, этил спирти кант кызылчасынын калдыгынан 65 тонна жана буудайдан суткасына 52 тонна спирт өндүрүлөт. Негизинен таза буудайдан “Люкс” классындагы спирт чыгарабыз. Жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн буудай кабыл алынат. Эгер жетпей калса, кошуна мамлекеттерден буудай алабыз”, - деди ишкана жетекчиси.

Белгилей кетсек, "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттеги жалгыз этил спиртин чыгаруучу ишкана катары Кыргызстандын рыногун толук кандуу камсыздайт. Ошондой эле заводдун Бишкектеги филиалы өндүргөн антисептик жана косметикалык каражаттарынын 90 пайызы экспортко кетет.

“Өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгарганга мүмкүнчүлүгүбүз бар жана чыгаруудабыз. “ИДЕАЛ-ФАРМ” акыркы үч айда 300 млн сомдон ашык продукцияны экспортко жөнөткөн. Бул миң тонна спирт айына экспортко чыгат дегенди түшүндүрөт. Белгилей кетсек, Армения, Россия, Казакстан жана Беларуссияга экспорттолот”, -дейт Ибраев.

Ал эми “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын директору Нурдин Куткеев азыр күнүнө 50-60 миң шише спирт ичимдиктери чыкса, жаңы жылга чейин бул көрсөткүч 100 миң даанага чыгарылаарын маалымдады.

WhatsApp Image 2025-10-22 at 20.20.37.jpeg

“Быйылкы жылы май айынан бери иштеп, өндүрүштү алдыга жылдырып келатабыз. Күнүнө 7-8 млн сомго акциз алып жатабыз. Быйыл Кытайга барып алар менен сүйлөшүп, меморандум түзүп келдик. Азыр Кытайга учак менен биринчи партиябызды жөнөттүк. Жакында иш сапар менен барып, процедурасын же дагы башка кайсы документтер керек экенин көрөлү деп атабыз. Андан тышкары, өндүрүштү көтөрсөк Россия, Казакстанга да экспорттосок болот. Азыр 4 линияда 186 адам иштеп жатат. Жаңы жылга чейин өндүрүштүн көлөмү дагы артса, кошумча жумуш орундары түзүлөт”, - дейт Куткеев.

Белгилүү болгондой, 2021-жылы заводдо 116 киши эмгектенчү, азыркы учурда эки филиалды кошкондо жалпы заводдун карамагында 1 миң 431 киши иштейт. Жумушчулардын орточо айлыгы 50 миң сомду түзөт. Өндүрүштө көптөн бери иштеп келген кесипкөй адистер менен жаңы кызматкерлер биргеликте иштеп, иш тажрыйбасын арттырып келишет.

Заводдун тарыхына токтолсок, 1942-жылы Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде алгач Украинадан көчүп келген. Кыргызстанга биринчи жабдыктары алынып келип орнотулуп, андан кийин заводдун сыртты имараты курулуп ишке кирген. Оор шартта көчүрүлүп келип, ошондон бери өлкөбүздө бул завод иштеп келет. Бирок, толук кандуу модернизациядан өтүп, заман талабына ылайыкталып жасалган. Акыркы жетишкендиктер менен көрсөткүчтөр мамлекет кабыл алган чаралардын натыйжалуулугун жана өндүрүштүн туруктуу өнүгүп жатканын далилдейт.