Бир катар жарандарга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

Аймак 12 Сентябрь 2025 17:55
546280574_122184410162368081_6706829272990833525_n.jpg
547881500_122184408716368081_5325613625030806749_n.jpg
545744383_122184409058368081_7889965709045684195_n.jpg
547480276_122184410150368081_5863020993925962810_n.jpg
547421746_122184409832368081_8680799905063364268_n.jpg
545975428_122184409682368081_556646480051034420_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Бүгүн, 12-сентябрь күнү, Алай районунун Калама жайлоосунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине карата өткөн салтанаттуу иш-чарада жети жаранга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын ар бири Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн сыйланды.

Ардактуу наамдын ээ болгон жарандар:

  • Сүйүнбек Касмамбетов — мурдагы Мамлекеттик катчы;
  • Нурбек Алимбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Түгөлбай Казаков — Кыргыз Республикасынын Эл артисти;
  • Аккулу Бердиев — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Динара Ашимова — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Жанарбек Акаев — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Асанбек Тороев — жеке ишкер.

Сыйлыктарды президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев тапшырып, сыйланган жарандарды куттуктап, алардын эл-жерге сиңирген эмгегине терең ыраазычылык билдирди.