Бир аптада 26,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 24 Ноябрь 2025 14:55
WhatsApp Image 2025-11-24 at 09.10.48.jpeg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Өлкөдө 17-ноябрдан  23-ноябрга   чейин 26 миң 210 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 2 237;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 371;
  • Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 201;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 114;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 676;
  • Авто ээнбаштык - 32;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 991;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу - 9;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 349;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 230 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.