Бир ай гана убакыт берилет. Эски күбөлүктү акысыз алмаштыруунун жол-жобосу

Коом Загрузка... 14 Январь 2026 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Эртеңден тартып эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырыла баштайт. Жарандар 15-январдан 15-февралга чейин күбөлүктүн жаңысын акысыз алууга мүмкүнчүлүгү бар. Биз унаа башкарууда керек делген эң зарыл документти алуу үчүн айдоочуларга бир катар пайдалуу жана маанилүү маалыматтарды топтодук.

WhatsApp_Image_bD630AQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Жол-жобосу кандай?

Айдоочуда өзүн тастыктаган документ, 083 форматындагы медициналык маалымат жана эски айдоочулук күбөлүк болушу керек. Эски үлгүдөгү күбөлүктү онлайн алмаштырууга болбойт. Буга байланыштуу жарандар борбордун бөлүмдөрүнө жеке кайрылууга туура келет.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, бардык филиалдар ушул апта ичинде, 12–18-январь күндөрү, дем алышсыз иштейт.

Мындан тышкары, “Биримдик” филиалы жана Ош регионалдык бөлүмү жарандарды түнкү саат 01:30га чейин кабыл алат.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбору бир гана шаардык “Аю Гранд” филиалы менен чектелбейт. Шаарга жакын жайгашкан бир нече ыңгайлуу филиалдар да иштейт.

  • “Биримдик-24” филиалы күнү-түнү кызмат көрсөтөт.
  • Региондор аралык филиал (Военно-Антоновка, унаа базары)
  • Таш-Дөбө (Воронцовка).

Бир ай ичинде эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырып үлгүрбөй калгандар андан кийин кызмат үчүн акы төлөшү керек болот.

Ал эми жарандардын калган категориялары айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыра алат. Бул кызмат 17-ноябрдан тарта ишке кирген болчу. “Түндүк” ААК жана “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылган.

Санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кыларын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев белгилеген.

WhatsApp_Image_pFqizlK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90
“Карапайым жарандар үйүнөн чыкпай туруп эле бардык керектүү мамлекеттик кызматтарды ала турган деңгээлге жетишибиз зарыл. Санариптештирүү бул бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү эл үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу деңгээлге чыгаруунун негизги жолу болуп саналат. Азыр жарандар үйдөн чыкпай эле айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырып баштагандан бери кезек күткөн жарандар азайды”, - деген ал.

Кызматты кантип пайдалануу керек?

  • "Түндүк" тиркемесин ачыңыз. Онлайн алмаштыруу үчүн тиркемеге 083-формадагы медициналык маалымкат алдын ала жүктөлгөн болушу керек. Маалымкатсыз өтүнмө кабыл алынбайт;
  • “Кызматтар” бөлүмүнө кириңиз, андан соң “Автотранспорт жана айдоо” бөлүмүн тандаңыз;
  • “Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга өтүнмө берүү” кызматын тандап, өтүнмө жөнөтүңүз;
  • Тиркемеден жеке маалыматтарды тактап чыгып, “андан ары” баскычын басыңыз.
  • Айдоочулук күбөлүктү берүүчү уюмду тандап, колдонуу максатын белгилеңиз (алмаштыруу, жоготуу ж.б.);
  • Жеткирүү ыкмасын тандаңыз: – “ооба” — курьердик жеткирүү (дарегиңизди жана индексиңизди көрсөтүңүз), – “жок” — даяр күбөлүктү өзүңүз барып аласыз.
  • Тиркеме аркылуу сүрөткө түшүңүз. Талаптар: көз айнекти чечүү, сүрөткө ак фонго түшүү, камерага түз кароо, сүрөттү тышкы камерадан тартуу керек, сүрөткө баш кийимсиз (шапкесиз, кепкасыз) түшүү зарыл.
  • Төлөм жүргүзүү: Бардык төлөмдөр QR-код аркылуу аткарылат. Тиркеме автоматтык түрдө QR-код түзүп берет, аны каалаган төлөм колдонмосу аркылуу сканерлеп төлөй аласыз.

Өтүнмө дем алыш же ишемби-жекшемби күндөрү, ошондой эле иш эмес убакта берилсе, аны кароо жакынкы иш күнүндө гана башталат. Өтүнмөнү тастыктоо мөөнөтү 1 күн.

Алмаштыруу учурунда эски айдоочулук күбөлүк “Кыргыз почтасынын” курьерине же мамлекеттик борбордун бөлүмдөрүнө кайтарылат. Жоготуу болгон учурда эч нерсе кайтаруунун кереги жок.

Айрым учурда арыз ээси кайрадан өтүнмө берет (зарыл болсо, жаңы сүрөт жүктөйт).

WhatsApp_Image_lUlgNyQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Өтүнмө жибергенден соң жаңы күбөлүк 2–3 иш күнү ичинде даяр болот. Даяр күбөлүктү Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун бөлүмүнөн же үйгө жеткирүү кызматы аркылуу алса болот.

Жеткирүү наркы:

  • Бир тараптуу – 200 сом;
  • Алмаштыруу учурунда (баруу жана кайтуу) – 286 сом;
  • Жоготуу учурунда – жаңы документти жеткирүү гана (200 сом).
WhatsApp_Image_OBmyQdG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Жардам керек болгондо кайда кайрылуу керек?
Мындай учурда жарандар “Түндүк” тиркемеси аркылуу колдоо кызматына кайрылса болот же Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнө байланышуу керек: 0 312 63-28-33, 63-20-08.