Билим берүү министрлиги: 1-класска кабыл алууда эч кандай экзамен болбойт

Билим Загрузка... 14 Март 2025 17:06
479913430_1075078877999189_5020866559736387137_n.jpg
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. 2025-2026-окуу жылында 1-класска балдарды кабыл алууда эч кандай тандоо жана кирүү экзамени өткөрүлбөйт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештеги "Мекенчил" депутаттар тобунун жыйынында билдирди.

Министрлик ата-энелердин жашаган жери боюнча каттоосуна ылайык, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу балдарды 1-класска жана 2-класска автоматтык түрдө кабыл алууну камсыздайт. Бул процесс эч кандай сертификатсыз жана сынаксыз өткөрүлөт.

Мыйзамга ылайык, мектептерде окуучуларды тандоо процесси каралган эмес, бардык балдар билим алуу мүмкүнчүлүгүнө тең укуктуу.