Бишкекте быйыл 1-класска дээрлик 15 миң квота берилген

Билим Загрузка... 26 Март 2025 14:29
1067447845_0_91_1600_992_1920x0_80_0_0_157e5ac0998360629c83fb7f4db99959.jpg
copyright icon www

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаары боюнча 1-класстын окуучулары үчүн 14 миң 890 квота каралган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гулира Молдоисаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, борбордогу мамлекеттик билим берүү мекемелеринде 1-класстын окуучулары үчүн 14 миң 890 квота, 2-класстын окуучулары үчүн катталган жери боюнча 16 миң 490 орун берилген.

“Алдын ала маалыматтар боюнча катталган жери боюнча 1-класска 9 миң 095 бала, 2-класска 10 миң 887 бала барат. Бул сандар көбөйүшү мүмкүн”,- деди ал.