Билим берүү министри Токтогулдагы авариялык абалдагы мектепке барды

Аймак 9 апрель 2025 15:45
487707466_1097602185746858_30.max-1920x1080.format-webp.webp
489408149_1097602309080179_50.max-1920x1080.format-webp.webp
486557910_1097602202413523_78.max-1920x1080.format-webp.webp
b06d1305-d0ac-46d6-bfde-957f9.max-1920x1080.format-webp.webp
1f75f2e9-3c39-4c43-9bbb-83b46.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү министрлиги

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапарынын алкагында Токтогул районунун Торкент айылындагы А. Мамыров атындагы мектепке барды.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган мектеп авариялык абалда.

Министр мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуп, “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу кенен маалымат берди.

Ошондой эле жаңы курулуп жаткан мектептин курулуш иштерин көрүп чыкты.