Билим берүү министри Москвадагы "Энергия" мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Билим 28 Январь 2025 09:19
475004998_1040110351496042_920081499823222231_n.jpg
475026114_1040109604829450_5287939558794360304_n.jpg
475263171_1040110364829374_3847776892484593535_n.jpg
475321615_1040110361496041_6510435010196548156_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапарынын алкагында Москвадагы алдыңкы деп эсептелген "Энергия" мектебине барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр мектептин ишмердиги, анын ичинде билим берүү жаатындагы тажрыйбалары жана көндүмдөрү менен жакындан таанышты.

Ошондой эле Кендирбаева аталган мектептин Гамма инженердик корпусуна да баш багып, заманбап илимий лабораторияларын көрүп чыкты.

Кошумчалай кетсек, "Энергия" мектеби орто билим берүүчү мамлекеттик окуу жай болуп саналат. Мектеп "Альфа", "Бета", "Гамма" сыяктуу окуу корпустарынан турат.