Билим берүү министри Чүй жатак мектебинин шарттары менен таанышты

Билим 24 Февраль 2025 09:16
481051024_1059226416251102_4246412152030477253_n (1).jpg
480731075_1059226486251095_3026363425486362602_n.jpg
480445649_1059226526251091_8008624674952161921_n.jpg
480870059_1059226356251108_5513630752296256431_n.jpg
481023232_1059226466251097_5593467779011096575_n.jpg
481055944_1059226432917767_6124232954955104867_n.jpg
Алдыга
Артка
481051024_1059226416251102_4246412152030477253_n (1).jpg
480731075_1059226486251095_3026363425486362602_n.jpg
480445649_1059226526251091_8008624674952161921_n.jpg
480870059_1059226356251108_5513630752296256431_n.jpg
481023232_1059226466251097_5593467779011096575_n.jpg
481055944_1059226432917767_6124232954955104867_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлдүгүсүз калган балдар үчүн Чүй жатак мектебине барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр жатак мектептин окуу бөлмөлөрү, санитардык түйүндөрү, спорт залы, жатакана, китепкана, ашкана, медпункт, устакана, стадион, кир жуучу жайлардын абалы, өрт коопсуздугу жана балдардын ортосундагы тарбиялык иштердин жүрүшү менен таанышты.

Мектептин директору Назгүл Мусаева маалымдагандай, мектепте тарбиялануучулар үчүн музыкалык, кол өнөрчүлүк, спорт, шахмат ийримдери жана комузчулар тобу бар.

Ошондой эле тарбиялануучуларды сергек жашоого үндөгөн окуу жана ден соолукту чыңдоо комплекси, тарбиялануучуларды чач тарач, косметология жаатында окутуу үчүн имарат курулган. Министр бул окуулар балдарга интернатты аяктагандан кийин ийгиликтүү социалдашуу үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

“Жатак мектептин аймагында тарбиялануучулар үчүн курулуп жаткан 18 батирлүү үй бүтүрүүчүлөрдү социалдык коргоого алууда эң чоң мааниге ээ. Аларга коомдогу жүрүм-турум көндүмдөрүн берүү, оптималдуу жашоо жолун аныктоо, психосоциалдык жана физикалык ден соолукту калыбына келтирүү үчүн жол ачып берет”, – деди Д. Кендирбаева.

Жатак мектептин көйгөйлөрүнүн бири спорт залды толугу менен жаңыртуу, устаканага жана окуу имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү болуп саналат.

Келечекте жатак мектепте аймагында күнөскана куруу, жетим балдарга турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн устаканаларды уюштуруу жагы да каралган.