Бийлик таза шайлоо өткөрүүгө бардык шартты түзүп берди – Садыр Жапаров

Шайлоо Загрузка... 02 Октябрь 2025 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Бийлик таза шайлоо өткөрүүгө бардык шартты түзүп берди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, татыктуу депутаттардын келүүсүнө эми эл дагы салым кошуусу керек.

“Үгүт жана добуш берүү маалында ар кандай мыйзам бузууларды укук коргоо органдары, тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер карашат. Бирок алардын саны чектелүү болгондуктан, бардык участокторго үлгүрбөй калышы ыктымал.

Сиздерде болсо ар бириңердин колуңарда камера бар. Добуш сатып алып жаткандарды же добушун саткандарды байкасаңыздар, тартып чыгарыңыздар.

Мыйзам бузгандарды уяткарыңыздар. Шайлоону жаңы тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй таза өткөрүүгө ар бирибиз салым кошолу. Жарандык активдүүлүгүңөрдү көрсөтүңүздөр. Шайлоолорду таза өткөрүүдө бир эле ушул добуш сатуу, добуш сатып алуу көйгөйү калды.

Муну жок кылсак башка көйгөй калбайт. Ошондуктан, “Көптүн көзү көрөгөч”, “Көп түкүрсө көл болот” дейт, жалпы эл жардам бериңиздер”, - деп айтты Садыр Жапаров.