Бийлик менен коом бир максатка багыт алса, өлкө кубаттуу болот – эксперт

Пикир 9 сентябрь 2026 16:45
Бийлик менен коом бир максатка багыт алса, өлкө кубаттуу болот – эксперт
copyright icon Www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселесинде бийликтин бардык бутактары, саясатчылар, журналисттер бир багытта иш алып барышы керек. Бул тууралуу мамлекеттик ишмер Абдырахман Маматалиев президент Садыр Жапаровдун бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүнө карата “Кабар” агенттигине берген комментарийинде билдирди.

Анын айтымында, президенттин парламент менен аткаруу бийлигинин мындан ары да ынтымактуу жана биргеликте иш алып барышы керектиги тууралуу пикири маанилүү.

“Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш жана министрлер кабинети мындан ары дагы биргеликте иш алып барышы керектигин айтты. Ошол эле учурда бийликте тургандар гана эмес, таасирдүү саясатчылар, ар кандай топтор, журналисттер жана блогерлердин да бир гана кызыкчылыгы — мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин жашоо-турмушунун жыргалчылыгы болушу керектигин белгиледи. Ушул бир максатка багыт алсак, өлкөнүн экономикасы өсүп, мамлекетибиз кубаттуу болот”, — деди Маматалиев.

Мамлекеттик ишмер акыркы жылдары өлкө экономикасында өсүш болуп жатканын белгилеп, бул багытты мындан ары да сактап калуу маанилүү экенин айтты.

“Белгилүү болгондой, азыр экономикабыз өсүп жатат. Акыркы төрт жылда орточо эсеп менен 10,5 пайыздан ашык өсүү орун алды. Быйылкы жылдын жети айында экономиканын өсүшү 11 пайыздан ашты. Бул КМШ өлкөлөрүнүн арасында гана эмес, дүйнө жүзүндө эң жогорку өсүш көрсөткүчтөрүнүн бири”, — деди ал.

Анын пикиринде, экономикалык өсүштүн негизги максаты жарандарга сапаттуу билим алууга, каалаган кызматында иштөөгө жана жакшы жашоого шарт түзгөн мамлекетти куруу.

“Эми ушул өсүштү билим алууга, каалагандай кызматта иштөөгө, жакшы жашоого шарт түзгөн мамлекет курууга багытташыбыз керек”, — деди Маматалиев.

Ошондой эле ал президенттин бийлик бутактарынын ортосунда кайчы пикирлердин болушу табигый көрүнүш экенин белгилегенин туура деп эсептейт.

“Жогорку Кеңеш, министрлер кабинети менен биргеликте иш алып баруу керектигин президент өз сөзүндө белгиледи. Бирок, кайчы пикирлер болуп турушу керек. Ар кимдин көз карашы, позициясы дал келбеши мүмкүн. Бул табигый көрүнүш. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыгына, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга келгенде бир багытта иш алып баруу керек”, — деди мамлекеттик ишмер.

Маматалиев ошондой эле демократияны шылтоо кылып, коомду бөлүп-жарууга жана адамдарды бири-бирине тукурууга жол берилбеши керектигин белгиледи.

“Биз сөз эркиндигин, адам укугун сыйлаган мамлекет катары белгилүүбүз. Бул жагынан коңшу жана башка мамлекеттерден айырмабыз бар. Кээде айрым саясатчылар, журналисттер жана блогерлер аша чаап кетип жатышат. Президент айткандай, пикирлердин кайчылаш болушу, талаш-тартыштар болушу мүмкүн, бирок тирешүүгө барбаш керек”, — деди ал.

Маматалиев сөзүнүн соңунда Жогорку Кеңеште коомдогу ар кандай пикирлердин айтылышы табигый көрүнүш экендигин белгиледи.

“Жогорку Кеңеш — эл кандай болсо, ошол элдин үлгүсү. Анда да ар кандай депутаттар бар: билимдүүсү, тажрыйбалуусу, тажрыйбасы жетишпегени да бар. Элде кандай пикирлер болсо, Жогорку Кеңеште да ошондой пикирлер айтылып турат. Бул нормалдуу көрүнүш. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин тагдыры жөнүндө маселе болгондо Жогорку Кеңештеги депутаттар да, аткаруу бийлигиндегилер да биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин жашоо-турмушун жакшыртууну ойлошу керек”, — деп сөзүн жыйынтыктады Маматалиев.