Бийик тоолуу аймактарда 30 миңге жакын бала 3 миң сомдон жөлөк пул алууда

Коом 21 Август 2026 15:10
720138203_3866980500111787_1098611125658370766_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган 29,6 миң бала ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пул алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Ал бийик тоолуу, алыскы жана өзгөчө статуска ээ айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин берилет.

Белгиленгендей, жөлөк пулду дайындоодо үй-бүлөнүн материалдык абалы эске алынбайт.

Белгиленгендей, 1-июлга карата бул жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жаткан. Бийик тоолуу аймактардын тизмесине өлкө боюнча 430 айыл жана башка калктуу конуш киргизилген.