Бий, музыка жана улуттук кийим: Бишкек ордо Кырчындагы сынактарга катышты

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 09:50
Бий, музыка жана улуттук кийим: Бишкек ордо Кырчындагы сынактарга катышты
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар. Күн мурун VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда улуттук маданий мурастарды сактоого жана кеңири жайылтууга багытталган бир катар сынактар өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэриясы этно-архаикалык бийлер боюнча "Бий-ыргак", салттуу кийимдер боюнча "Саркеч" жана музыкалык өнөр боюнча "Көчмөн кайрык" сынактарына катышты.

"Көчмөн кайрык" сынагы кыргыз элинин тарыхый эс тутумун жана руханий баалуулуктарын чагылдырган салттуу музыкалык мурастарын сактоого жана кеңири жайылтууга багытталган.

"Саркеч" сынагы кыргыз элинин салттуу кийимдерин сактоого, изилдөөгө жана өнүктүрүүгө арналса, "Бий-ыргак" сынагы көчмөн элдердин дүйнө таанымын жана маданий салттарын чагылдырган этно-архаикалык бий өнөрүн даңазалоого багытталган.

"Бишкек Ордо" комплексинин сынактардын программасына катышуусу улуттук мурастарды кеңири жайылтууга жана Кыргызстандын маданий салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.