Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-юбилейлик жыйыны адистердин кезектеги жолугушуусу гана эмес, бул биздин көп жылдык кызматташуубуздун туруктуулугун жана натыйжалуулугун чагылдырган маанилүү окуя. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бажы тармагы боюнча эл аралык иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдар аралыгында кеңештин алкагында бекем ишкердик байланыштар түзүлүп, координациялоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыгуу менен бажы түзүмдөрүбүздүн келечектеги өнүгүүсү үчүн негиздер түптөлдү.
"Көп жылдар бою Кеңеш КМШга мүчө өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана жалпы милдеттерди чечүүгө мамилелерди макулдашуу үчүн ишенимдүү жана натыйжалуу аянтча бойдон калууда. Бүгүнкү күн тартиби биздин кызматтардын гана эмес, бүткүл эл аралык бажы күн тартибинин көңүл борборунда турган актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт. Бизди курчап турган дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат жана бажы органдарынын алдында жаңы чакырыктар турат. Биз санариптик технологияларга ыңгайлашуу, жол-жоболорду модернизациялоо, ачык-айкындуулукту, коопсуздукту жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу зарылдыгына туш болуп жатабыз.
Ошондуктан, биз активдүү диалогду сактап, өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын таап, өз ара колдоону бекемдегенибиз абдан маанилүү. Бүгүнкү жыйын биздин өнөктөштүктү өнүктүрүү жолундагы кезектеги кадам болот деп ишенем",-деди Салиев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйын кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулоого, жалпы мамилелерди иштеп чыгууга жана мамлекеттердин бажы кызматтарынын ишин андан ары өркүндөтүүгө өбөлгө боло турган чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.