Эң көп өлүм жүрөк-кан тамыр оорулары менен байланыштуу — Байдавлетов

Ден соолук Загрузка... 10 Октябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө биздин мамлекетибизде эң көп өлүмдөрдүн катталышы жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул оорудан жабыркаган жарандардын саны көп болгондуктан КАТЛАБ системасы иштелип чыгып, элге жогорку технологиялык медициналык жардамдарды бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн бардык облустарында көрсөтүүгө даярдыктар жүрүүдө.

“Азыркы учурда бул башталгыч кадамдар деп эсептейбиз. Бишкекте, Жалал-Абад облусунда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо борборлору бар. Биз бул КАТЛАБ менен жогорку технологиялык медициналык жардамдарды бардык облустарга жеткирүүнү максат кылып, даярдык көрүп жатабыз. Биринчи кадам Нарын облусунан башталды. Кийинки кезекте Талас, Ысык-Көл, Баткен аймактары болуп өлкөнүн бардык облустарына жогорку технологиялык медициналык жардамды тоолуу жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр кластеринин (КАТЛАБ) моделин түзүү менен жеткиребиз”,- деди Байдавлетов.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 14.40.30.jpeg

Иш-чаранын жүрүшүндө дарыгерлер жүрөк-кан тамыр оорулары акыркы он жылдыктарда Кыргызстандын калкынын арасында өлүмдүн жана майыптуулуктун негизги себеби болуп жаткандыгын маалымдашты. Мында жалпы өлүмдүн катталышында алардын үлүшү 52,3 пайызды түзөөрү жана жыл сайын өлкөдө бул оорулардан 20 миңден ашуун адам каза болоору айтылды. Бул күн сайын 60тай адам каза болот дегенди түшүндүрөт.

Дарыгерлердин айтымында, алыскы райондордо өлүмгө алып келүүчү жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң көп таралган түрлөрү курч миокард инфаркты, оор артериялык гипертензия, жүрөк ритминин бузулушу, ошондой эле өнөкөт жүрөк жетишсиздиги.

Белгилүү болгондой, бул статистиканы өзгөртүп, ооруну эрте аныктоо менен дарылоо максатында Нарын облустук ооруканасынын базасында жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр кластеринин (КАТЛАБ) моделин түзүү макулдашылды. Бул макулдашуунун алкагында, облустук оорукана эксперттик класстагы ангиографиялык комплекс, ЭХО КГ аппараты жана башка заманбап жабдууларды камтыган жогорку технологиялык жабдуулар алып келинет.

Алдыда Кыргызстандын бардык облус, шаарларында ушундай медициналык жабдууларды кезеги менен орнотуп, заманбап кардиологиялык борборлорду түзүү пландалып жаткандыгы иш-чарада айтылды.

Эскерте кетсек, бүгүн Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда аталган борбор, Ага Хан Фондунун өлкөдөгү филиалы жана Нарын облустук бириккен ооруканасынын ортосунда Нарын облустук бириккен ооруканасынын базасында тоолуу жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр кластеринин (КАТЛАБ) моделин түзүү боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.