Ишкерлер күткөн чечим: ЕАЭБ электрондук соодада бирдиктүү тартипти киргизди

Аналитика 21 11 Август 2026 18:25
WhatsApp Image 2026-08-11 at 10.00.47.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда өндүрүштү өнүктүрүү, ата мекендик товарлардын экспортун өнүктүрүү, ошондой эле логистиканы жөнгө салуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт башчылары кол койгон ЕАЭБде “Товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашуу” уюмдун ишкерлери көптөн күткөн чечим экени маалым. Ага ЕАЭБге мүчө бардык беш өлкөнүн (Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Армения) базарларында иштөөнүн бирдиктүү жана ачык-айкын тартиби түзүлөт.

Кыргызстандагы ички электрондук коммерциянын көлөмү 2025-жылы 500 миллион доллардан ашкан. Чет элдик онлайн дүкөндөрдөн сатып алууларды эске алганда, бул көрсөткүч 1 миллиард долларга жакындады. Айтмакчы, Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, эл аралык маркетплейстер аркылуу өлкөдө 30 миңге жакын ишкер иш алып барат. Демек, электрондук соода утурумдук кызыгуу эмес, экономиканын салмактуу багытына айланууда.

“Кыргыз Республикасы үчүн электрондук коммерция жөн гана жаңы сектор эмес, экономикалык өсүштүн жана аймактык, дүйнөлүк жеткирүү чынжырларына интеграциялоонун кубаттуу куралы болуп калды. Акыркы жылдары биз онлайн-сатуулардын, санариптик төлөмдөрдүн, ошондой эле логистикалык жана финансылык инфраструктуранын өнүгүшүнүн тез өсүшүн байкадык. Бул электрондук экономикага катышууну чакан жана орто бизнес үчүн жеткиликтүү кылат”, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Электрондук коммерция боюнча эл аралык форумда.

Ошол эле убакта Кыргызстандын жарандары жана ишкерлери онлайн соодада, өзгөчө ЕАЭБ боюнча негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн Wildberries, Ozon сыяктуу эл аралык маркетплейстеринде иштөөдө бир катар олуттуу тоскоолдуктарга туш болуп келишет. Алардын башында салык төлөөдөгү, бажыдагы түшүнүксүз механизмдер, логистиканын кымбаттыгы, маркетплейстердин айып пул баштаган катаал эрежелери, товарды же акчаны артка кайтаруудагы көйгөйлөр турат. Укуктук маселелердин кесепетинен товарлар чек арадан өтпөй ара жолдо калган учурлар да болгон. Көйгөйлөрдүн айрымдары чечилсе, башкалары күн тартибинен түшө элек болчу.

Буга байланыштуу ЕАЭБ алкагында онлайн товар алышууну өнүктүрүү зарылчылыгы өкмөттүк деңгээлде талкууланып келет. Кыйла аракеттерден кийин конкреттүү чечим ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жакында эле Чолпон-Ата шаарында өткөн кеңешмесинде кабыл алынды. Электрондук соода боюнча жаңы макулдашуу биримдиктеги электрондук коммерцияны ишке ашыруу үчүн жалпы укуктук негизди белгилейт.

Биринчиден, кардарлардын укугуна кепилдик берилди. Буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сатылып алынган товар сапатсыз чыкса, анын ордун толтуруу татаал же таптакыр аткарылчу эмес. Эми ЕАЭБдин бүткүл аймагында сапаттуу товарларды кайтарып берүү үчүн бирдиктүү 14 күндүк мөөнөт бекитилди. Ошондой эле сатып алуучу менен сатуучунун же маркетплейстин ортосундагы маселелерди сотко жеткирбей, тез арада укуктук негизде чечүүнүн так тартиби жана акчаны кайтарып берүүнүн мөөнөттөрү белгиленет. Товар сапатсыз болсо кайтарып берүү же компенсация алуу процесстери жеңилдейт. Бул эрежелер кардарлардын онлайн-соодага болгон ишенимин арттырып, сатып алуулардын көлөмүн дагы да көбөйтүүгө түрткү берет.

Ал эми бизнес үчүн адилеттүү жана тоскоолдуксуз санарип чөйрө түзүлөт. Документтер электрондук түрдө жүргүзүлүп, товарларды жеткирүү тездейт. Деги эле кыргызстандык ишкерлердин эл аралык соода платформаларына чыгуусу экспорт үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул бир эле убакта ондогон чек арасыз кеңири рыноктор дегенди билдирет. Эксперттердин пикиринде россиялык же кытайлык платформа менен иштешүүнүн кирешеси, кандайдыр бир өлкөгө товарды салттуу экспорттоодон да көп болушу мүмкүн.

ЕАЭБдин электрондук соодага байланыштуу келишиминин кабыл алынышы — уюмдун экономикасын санариптик доордун талаптарына шайкеш келтирүү аракети. Негизги милдет ата мекендик ишкерлерди жаңы санариптик эрежелерге ыңгайлаштыруу. Мындай пикири менен Кыргызстандын Транс чек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсел Салахунов бөлүштү.

WhatsApp Image 2026-08-10 at 19.24.39.jpeg

“Өткөн жумада Чолпон-Ата шаарындагы ЕАЭБдеги электрондук соода боюнча кол коюлган келишим маанилүү болуп саналат. Ал Кыргызстанга бир топ мүмкүнчүлүк берүүдө. Биздин ишкерлер Кыргызстандын эле эмес Казакстан, Россия, Беларусь жана Армениянын чоң базарларына маркетплейстер аркылуу товарларын сатууга ири мүмкүнчүлүк алышат. Бүгүнкү күнгө чейин биздин сатуучулар башка өлкөнүн маркетплейстерине чыкканда ар кандай талаптарга, документтерге жана башка тоскоолдуктарга туш болуп жатышкан. Жаңы келишимдин негизги максаты ушул тоскоолдуктарды азайтып, ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук соода үчүн бирдей жана түшүнүктүү шарттарды түзүү болуп саналат. Мисалы, электрондук документтерди, электрондук кол тамгаларды өз ара таануу, товарды кайтаруу, сатып алуучунун укугун коргоо жана маркетплейстер менен иштөө боюнча жалпы эрежелерди түзүү каралган. Эң негизгиси кыргызстандык ишкерлерге ЕАЭБдин 180 миллиондон ашык калкы бар чоң рыногуна чыгууга шарт түзүлүүдө. Бул Кыргызстанда электрондук сооданын жана экспорттун өсүшүнө жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем”, - деп билдирди Кыргызстандын Транс чек ара электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсел Салахунов.

Ишкерлерди электрондук соодадагы тобокелдиктерден коргоо

Учурда интернетте соода кылган ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлүп, алар бир катар салык түрлөрүнөн бошотулуп, 2%дык атайын салыктык тартип менен иштеп жатышат.

Акыркы айларда негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү геосаясий кырдаалдардан улам эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорундагы ишмердик үзгүлтүккө учурап жатат. Бир эле Wildberries компаниясы кабылган кырдаал аталган маркетплейс аркылуу товар экспорттогон кыргызстандык ишкерлерди чыгашага учуратып, мамлекеттик колдоонун ыкчам чараларын көрүүнү талап кылууда. Буга байланыштуу жакында эле Мамлекеттик салык кызматы тигүү тармагынын өкүлдөрү, эл аралык маркетплейстер аркылуу соода жүргүзгөн соодагерлер жана мамлекеттик органдардын катышуусунда жыйын өткөрдү.

“Ишкерлерге болгон салыктык жүктү азайтуу жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо максатында тигүү тармагындагы ишканалар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 0 пайызга түшүрүү сунушталууда. Учурда бул тармак үчүн бирдиктүү салыктын өлчөмү түшкөн кирешенин 0,25 пайызын түзөт. Мындан тышкары, эл аралык жана башка маркетплейстер аркылуу товар саткан ишкерлер үчүн да учурдагы 2 пайыздык бирдиктүү салыкты убактылуу 0 пайызга түшүрүү сунушу киргизилди”, - деп айтылат Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында.

Өз кезегинде Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргыз-Россия ишкер кеңешинин жыйынында Wildberries компаниясынын айрым логистикалык жайларын жана кампаларын Кыргызстанда жайгаштыруу максаттуу экенин билдирген.

Логистикалык борборлорду куруу жана өнүктүрүү Кыргызстан учурда жигердүү илгерилетип жаткан тармак. 2030-жылга чейин өлкөдө 40 жаңы соода-логистикалык борбор курулары маалымдалган. Мындан сырткары электрондук коммерция үчүн соода хабын түзүп, 500дөн кем эмес компанияны экспортко чыгаруу тапшырмасы коюлган.