Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Мамлекет бизнестин башчысы эмес, ал өнөктөшү болушу керек, – деп билдирди журналисттерге Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев "Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес" аталышындагы форумдун алкагында.
Ал дал ушундай ыкма менен гана инвестицияларды тартууга жана бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.
Анын пикири боюнча, экинчиден, инвесторлор келип, бизнес өзүн ишенимдүү сезиши үчүн бир нече фактор зарыл. Алар: мамлекеттеги туруктуулук, мыйзамдардын туруктуулугу, маселелерди тез жана мыйзам чегинде чече турган катаал, бирок адилеттүү бийлик, либералдуу салык мыйзамдары жана коомдун маанайы. Бүгүнкү күндө коом дагы, мамлекет дагы ири инвестицияларды тартууга жетилди. Бизде Кыргызстандын ичинде гана эмес, регионалдык деңгээлде да маанилүү болгон олуттуу долбоорлордун болушу бекеринен эмес", – деп баса белгиледи ал.
Сариев конкреттүү долбоорлорго токтолуп, алардын эң маанилүүсү "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушу экенин белгиледи. Бул Кыргызстанга транзиттик өлкө болууга мүмкүндүк берүүчү эң ири инвестициялык долбоор.
"Экинчиси, Камбар-Ата-1 суу сактагычы менен эң ири ГЭСтин курулушу. Бул биздин эбегейсиз потенциалыбызды көрсөтөт, бул келечекте инвестиция тартууга шарт түзгөн негизги байлык болот. Анткени бизде электр энергиясы жетиштүү болот, экинчи жагынан коңшулар менен тең укуктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз", - деди ал.