Бүгүндөн тарта Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Коом 31 11 Август 2026 09:10
553301758_3566576106818896_2701_IMh6yl1.max-320x180.format-webp.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 11-августтан тарта Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул иштер жолду реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Анын алкагында жолдун эски катмары алынып, негизин бекемдөө, инженердик тармактарды оңдоо жана жаңы асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А.Сүйүнбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктап, жол кыймылы ачылган.

Бишкек мэриясы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу жол өзгөрүүлөрүн эске алууга чакырат.