Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жол өтмөктүн шып бөлүгүн каптоо жана жылуулук тармактарынын инженердик коммуникацияларын монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
"Аталган иштерди аткарууга байланыштуу бүгүн саат 18:00дөн тартып дүйшөмбү күнгө чейин Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки тилкесинде түштүк багыттагы унаа кыймылынын бир тилкеси убактылуу жабылат",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул тилкеде унаа кыймылы убактылуу киргизилген чектөөлөргө ылайык уюштурулат.
Айдоочулардан жол жүрүү багытын алдын ала пландап, убактылуу жол белгилеринин талаптарын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоо сунушталат.