Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Бүгүн Билим күнүнө карата жол тескөөчүлөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анда белгиленгендей, жол тескөөчүлөрү өлкө аймагындагы бардык орто мектептерге бөлүнүп, мектептердин айланасында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт.
Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча жалпысынан 2384 мектеп бар. Аларда 1,5 миллиондон ашык бала окуйт.