Ысык-Көл, 05.08.26 /Кабар/. 5–7-август күндөрү Ысык-Көлдө “Кыргызстан 2030: КР менен РФнын аймактарынын өнөктөштүгү – өсүштүн кыймылдаткычы” аталышындагы VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтөт.
Аталган иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган негизги аянтча болуп саналат.
Форумга Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук баштаган Россия Федерациясынын делегациясы катышат. Кыргыз тараптын делегациясын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектейт.
Иш-чаранын программасы боюнча пленардык жана тармактык сессиялар, аймактардын жана бизнестин көргөзмө-жарманкеси, ошондой эле практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү форматтары пландалган.
Талкуулануучу негизги багыттар:
- Стратегиялык өнөктөштүк жана 2030-жылга чейинки артыкчылыктар;
- Өнөр жай кооперациясы жана жаңы транспорттук коридорлор;
- Санариптик эгемендүүлүк, энергетика, финансылык архитектура жана билим берүүдөгү өнөктөштүк;
- Аялдар ишкердигин колдоо.
Мындан сырткары, эртең 6-августта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) “ЕАЭБдеги экономикалык интеграция: ички потенциалга басым” аттуу адистештирилген сессиясы өтөт. Анда соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестиция тартуунун натыйжалуу механизмдери жана ЕАЭБ мейкиндигинде кооперациялык долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.