Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын Улуттук курама командасы CAFA NATIONS CUP 2025 эл аралык беттешинин үчүнчү туру алкагында Өзбекстан курама командасына каршы кез келет.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Ташкент шаарынын «Олимпийский» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30до башталат.
Белгилесек, Кыргызстандын курама командасы турнирдин «А» тайпасында Оман, Түркмөнстан, Өзбекстан командалары менен бирге орун алган. Ал эми Иран, Индия, Афганистан и Тажикстан жайгашкан «B» тайпасынынын беттештери Тажикстандын Дүйшөнбү шаарында орун алды.
Экинчи турдан кийин курама команда бир упай менен турнирдик жадыбалда үчүнчү орунда. Калган командалар – Оман (төрт упай) 1-орунда, Өзбекстан (төрт упай) 2 – орунда, Түркмөнстан (бир упай) акыркы орунда жайгашты.