Бүгүн Таласта "Баластан” балдар борбору ачылат

Аймак 11 сентябрь 2026 17:45
67ca42a1-6b95-4057-9ae9-0176a6b28cec.jpeg
f58e2d96-e7aa-4b43-a6bf-8992c6279a37.jpeg
4ba0c299-72d1-416b-b17a-83f8746ae9d1.jpeg
bfbf08dd-f987-4414-b0b4-f67d111bd465.jpeg
7695e835-62b7-452d-b039-3767fa527372.jpeg
a6632b9d-f45d-4b46-93c7-344c46763129.jpeg
Алдыга
Артка
67ca42a1-6b95-4057-9ae9-0176a6b28cec.jpeg
f58e2d96-e7aa-4b43-a6bf-8992c6279a37.jpeg
4ba0c299-72d1-416b-b17a-83f8746ae9d1.jpeg
bfbf08dd-f987-4414-b0b4-f67d111bd465.jpeg
7695e835-62b7-452d-b039-3767fa527372.jpeg
a6632b9d-f45d-4b46-93c7-344c46763129.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас шаарында жакынкы мүнөттөрдө “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун ачылышы өтөт. Президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз колдоосу менен бой көтөргөн бул масштабдуу долбоор аймактын социалдык-экономикалык турмушуна чоң салым болот.

Жалпы аянты 6,5 гектарды ээлеген заманбап комплекс 9 корпустан турат. Долбоор толук кубаттуулукта ишке кирген соң 500гө жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.

“Баластан" борборундагы негизги мүмкүнчүлүктөр:

  • Инновациялык робототехника борбору, заманбап музей жана илимий-агартуучулук иш-чаралар үчүн конгресс-зал.
  • Акыркы үлгүдөгү кинотеатр, боулинг, түрдүү аттракциондор жана улуттук да, дүйнөлүк да ашкананы камтыган кенен фудкорт.
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын ылайыкташтырылган коопсуз оюн аянтчалары жана инфраструктура.
  • Калкка ыңгайлуу кызмат көрсөтүүчү заманбап соода түйүндөрү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.