Бүгүн Таиланд менен Камбоджанын лидерлери Малайзияда сүйлөшүү өткөрөт

Дүйнө Загрузка... 28 Июль 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-07-28 at 09.24.42.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бүгүн Таиланддын премьер-министри Пхумтам Вечаячай жана Камбоджанын премьер-министри Хун Манет Малайзияда жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, сүйлөшүү 24-июлда эки өлкөнүн чек арасында орун алган аскердик кагылышуудан кийин уюштурулду.

Камбоджанын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, тараптар бул маселеге башка өлкөлөрдүн аралашуусун каалашпайт жана Малайзияга ортомчу катары ишеним артып жатышат.

Белгилей кетсек, Таиланд менен Камбоджанын мамилелери 28-майда курчуп кеткен. Камбоджанын Преах Вихеар провинциясы менен Таиланддын Убон-Ратчахани провинциясынын ортосундагы талаштуу Пхонг аймагындагы Течо-Морокот кыштагында тай аскерлери Камбоджанын аскердик заставасын аткан.

Натыйжада, бир камбоджалык жоокер каза болуп, бир нечеси жаракат алган.

24-июлда Тамоантом, Тамоантух жана Такрабай храмдарынын айланасында кайрадан куралдуу кагылышуулар болду.

Камбоджа аталган талаштуу аймактар боюнча маселени мыйзам чегинде чечүү максатында 2025-жылдын июнь айында Эл аралык сотко кайрылган. Таиланд болсо бул кадамга макул эместигин билдирген.

Мындан тышкары, 23-июлда чек арада мина жарылып, бир нече таиланддык жоокер жаракат алган. Эртеси, 24-июлда болгон атышуудан улам абал кескин начарлап, карапайым калк арасында курмандыктар болгон.