Бүгүн шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтөт

Шайлоо Загрузка... 30 Октябрь 2025 10:42
WhatsApp Image 2025-10-10 at 09.49.13.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелеринде кезектеги тесттик аралыктан добуш берүү өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте тесттик добуш берүү “Дордой-плаза” жана “Азия-молл” сыяктуу соода борборлорунда да уюштурулат.

Буга чейин тесттик добуш берүү октябрдын онунда жана жыйырмасында өлкө боюнча жана Россия Федерациясынын айрым шаарларында өткөрүлгөн.

Аралыктан добуш берүү онлайн-идентификацияга негизделет. Ал аркылуу шайлоочу туруктуу катталган жеринде добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, өз шайлоо тилкесинен тышкары же чет өлкөдө добуш бере алат.

БШК каалоочуларды тесттик режимде аралыктан добуш берүүгө катышууга чакырат.