Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Л. Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп -түзөө иштеринен кийин ачылат.
Мэриядан билдиришкендей, 31-августта Лев Толстой көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп -түзөө иштеринен кийин ачылат.
Аткарылган иштердин алкагында эски асфальт алмаштырылып, жаңы бордюрлар орнотулду, эки катмар асфальтобетон төшөлдү, жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери түшүрүлдү.