Бүгүн Нарында -9 градуска чейин суук болушу мүмкүн – аба ырайы

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 08:55
IMG-20251210-WA0114.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Бүгүн күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй обусунда +8…+13, Талас аймагында +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9…+14, Ысык-Көл облусунда +4...+9 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -4…-9 градус суук болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарында +11…+13 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.