Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт– аба ырайы

Коом Загрузка... 06 Декабрь 2025 10:00
images (5).jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7... +12, Талас облусунда +6… +11, Баткен облусунда+7… +12, Ош, Жалал-Абад облустарында +8... +13, Ысык-Көл облусунда +2... +7, Нарын облусунда 0... +5 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +9... +11 градусту түзөт.