Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылы башталды.
Мындай чечим Агартуу министрлиги тарабынан кабыл алынган.
Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү Кыргызстанда өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, ошондой эле Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу киргизилген.
Балдарды мектепке кабыл алуу системасындагы маалыматка ылайык, быйыл 1-класс үчүн 196 миң 359 квота берилген. Учурда 146 миң 852 бала электрондук каттоо системасы аркылуу 1-класска кабыл алынган.
Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча 2400дөй мектеп болсо, аларда бир жарым миллион окуучу билим алат.
Окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда.