Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районунун кооз Беш-Мерген жайлоосунда "Салам Ош - 2026" эл аралык туристтик фестивалы өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул фестиваль кыргыздын улуттук нарк-дөөлөттөрүн, кооз жаратылышын, бай маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жана даамдуу улуттук тамак-аштарын даңазалаган уникалдуу иш-чара.
Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн чеберчилигинен жаралган кооз буюмдардын көргөзмөсү өтүп, 300дөн ашык комузчу, аткаруучулардын жандуу үнү жана заманбап ыр-бийлер менен коштолгон концерттик программа тартууланат.