Бүгүн Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Коом 19 октябрь 2025 15:32
Бүгүн Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.10.25. /Кабар/. Бүгүн Ю.Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ю.Фучик көчөсүнүн Профсоюз көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгү (чыгыш тарабы) оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Мэрия тургундарды убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну жана каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.