Республиканын экинчи борбору болгон Ош шаары быйыл өзгөчө ыргакта өнүгүүдө. Айрыкча “Снос” термини менен атактуу болуп, Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Жыл башынан бери бир катар мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүп, шаардын көчөлөрү кеңейип, унаа кыймылына ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бул иштердин активдешүүсүндө баары таттуу уйкуда уктап жатканда, таңкы 5:00дөн тарта рейд жасап, талыкпай эмгек кылган Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин ролу чоң. Ал кызматка келгенден тарта шаардын көркү, коопсуздугу жана инфраструктуралык абалын жакшыртуу багытында бир топ алгылыктуу иштерди алып барууда. Мындан улам башка шаарлардын жашоочулары "Оштун мэрин бизге берип тургулачы" деп анын иштегенине суктанганын байма-бай айтышууда.

Шаардын борбордук жана калктуу райондорунда жолдор оңдолуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, коомдук жайлар жаңыланууда. Мындан сырткары, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жашылдандыруу, жарыктандыруу жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча да комплекстүү иштер жүрүп жатат. Ош шаары азыркы тапта заманбап, ыңгайлуу жана жашоочулар үчүн коопсуз шаарга айлануу жолунда бара жатат.
Мыйзамсыз курулган үйлөр толугу менен сүрдүрүлүп, алардын ордуна мэрия тарабынан жарандар үчүн атайын турак жайлар курулууда. Мисалы, Ош шаарында “Эне-Сай” жаңы конушунун курулушу башталды. Бул турак жайлар шаардагы жолдорду кеңейтүү, канал жээгин тазалоо сыяктуу иштерден улам башка жакка көчүрүлүүгө муктаж болгон тургундар үчүн каралган. Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкталган. Анын алкагында үстүбүздөгү жылдын күз айларына чейин 320 заманбап турак үй курулуп, ошондой эле мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана башка социалдык мекемелердин да курулушу пландалган. Жаңы шаарча 54 гектар жер аянтында жайгашат.

Бүгүнкү күндө жолду кеңейтүү максатында үйү бузулган үй-бүлөлөрдүн айрымдары жаңы турак жайларга ээ болууда. Ош шаарынын Волгоград көчөсүн кеңейтүү иштеринин жүрүшүндө кызыл сызыкка кирип кеткен бир катар курулуштар алынып салынган. Алардын ичинде Оштун тургуну Данияр Исраиловдун да үйү болгон. Анын мурдагы үйү толугу менен бузулуп, ордуна жаңысы курулуп берилди.

Бул иштердин натыйжасында шаар тургундары мыйзамсыз курулуштардын сүрдүрүлүшүн түшүнүү менен кабыл алып, аны күнүмдүк көрүнүш катары көрө башташты. Ош шаары акырындык менен мыйзамдуу, иреттүү жана жашоого ыңгайлуу шаарга айланууда.
Ар бир сапаттуу жол - жарандардын күнүмдүк жашоосунун ыңгайлуулугун камсыздайт. Ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн жана жалпы жашоо сапатынын негизги шарттарынын бири болуп саналат. Бул максатта республикалык бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-март күнү Нооруз майрамына арналган иш-чарада билдирген.

Президенттин айтымында, каражат негизинен шаарындагы негизги көчөлөрдү капиталдык оңдоодон өткөрүүгө багытталмак. Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Шоноевдин билдирүүсү боюнча, кечээ 1 күндө 6 ири көчө ачылды.
“Республикалык бюджеттен 2,2 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Анын 2 миллиард 100 млн сому Ош шаардык жолдор башкармалыгына мэрия аркылуу бөлүнгөн. Ошондой эле 100 миллион сому Капиталдык курулуш башкармалыгына бөлүнгөн. Күн мурун 6 чоң көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Алар - Инам Саидов, Волгоград, Тимирязев, Моминов, Күрөңкеев жана Навои көчөлөрү. Ошондой эле, жакын арада дагы 2 ири көчө ачылат. Алар 47-көчө жана Касымбеков көчөлөрү. Быйыл жалпысынан 40 көчө оңдолот. Бүгүнкү күндө алардын 21и эксплуатацияга берилди”,-деди ал.

Муну менен катар Шоноев калаада биринчи жолу алты тилкелүү жолдор ачылып жатканын белгиледи.
“Буга чейин шаарда төрт тилкелүү гана жолдор болгон. Алар жогоруда белгилеп өткөн көчөлөрдүн ичинен Исанов жана Навои көчөлөрү. Мындан сырткары, жакынкы күндөрү Алымбек-Датка жана Курманжан-Датка көчөлөрү алты тилкелүү болуп кеңейтилет”,-деди ал.

Мындан тышкары, Ош шаарында балдарга да өзгөчө көңүл бурулууда. Шаар мэри күн сайын бир нече бала бакчаларды кыдырып, алардын шарттарын, тамак-ашын, тарбия иштерин жана материалдык базасын текшерүүдө. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин айтуусунда, балдар - шаар келечеги, ошондуктан аларга ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүү мэриянын башкы милдеттеринин бири болуп саналат.Учурда бир катар бала бакчалар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы эмеректер, оюн аянтчалары менен камсыздалууда. Бул аракеттердин бардыгы шаардагы ар бир баланын бактылуу балалыгын камсыздоого багытталган.

Бала бакчалар менен эле чектелбестен, калаадагы билим берүү мекемелерине да өзгөчө көңүл бурулууда. Ош шаарынын мэриясы мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы окуу жылына даярдыкты күчөтүү жана билим сапатын жогорулатуу максатында бир катар иштерди жүргүзүүдө. Мэр эскилиги жеткен мектеп имараттары капиталдык оңдоодон өтүп, жылуулук системалары, терезе-эшиктерди жаңыртуу боюнча иш алып барууну тапшырууда. Шаар жетекчилиги билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу келечек муунга инвестиция салынып жатканын белгилеп, бул тармакка колдоону мындан ары да уланта берерин белгилеген.

Ошондой эле шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн кечээ, 27-август кечки убакыттан тарта Ош шаарынын муниципалдык такси кызматы сыноо режиминде иштеп баштады.
Шаардык муниципалитеттин маалыматына ылайык, эко таксилер алгачкы бир жума жүргүнчүлөрдү акысыз ташып, кызмат көрсөтүүгө VIP класстагы 2 унаа, 2 "комфорт", 1 "эконом" унаа чыккан. Ага улам 10дон машина кошулуп, бир жума ичинде саны 50гө жетет. Белгилей кетсек, 25-августта Ош шаарынын мэриясына Жалал-Абад облусунун тургунунан 10 унаа белекке берген.
Ошондой эле шаар шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы кызматты ишке киргизүү үчүн мэрия электромобилдерди сатып алып жатканын билдирген.
“Бул таксилер экологиялык жактан таза, шаарда жүрүүгө ыңгайлуу жана сапаттуу болот. Мындан ары өзүбүздүн такси кызматы менен шаардыктарга кызмат көрсөтөбүз”,- деген мэр.

Ошондой эле калаа мэри көпчүлүк билбеген, көз жаздымда калган каналдарды ачууну да колго алды. Маселен, “Достук” кичи районун аралап өткөн Жаңы-Арык каналына акыркы 20-30 жылдан бери суу келбей калган. Себеби, каналдын айланасы мыйзамсыз курулуштар менен тосулуп, каралбай калган. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте жерине чыгып, аталган каналдын абалын өз көзү менен көрүп, аны толук тазалап, сууга жеткирүү боюнча тапшырма берди. Учурда бул канал толугу менен тазаланууда. Мындай иштердин алкагында шаардын башка аймактарындагы да бир нече каналдар ачылып, тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле шаарда башаламан жайгашкан базарлар ирээтке келтирилип, алар шаардын четиндеги жаңы курулган базарга көчүрүлдү. Ал жерде иштеген ар бир жаранга тиешелүү соода орду берилди.

Калаа мэринин шаар тургундарына көңүл буруусун да белгилеп кетүү керек. Рейддердин жүрүшүндө жарандар кандай көйгөйүн айтпасын, мэр алардын ар бирин угуп, мүмкүн болушунча жардам көрсөтүп келе жатат. Айрым тургундарга турак жай маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүлсө, айрымдарынын башка жеке өтүнүчтөрү да ыкчам аткарылууда.
Жалпысынан алганда, Ош шаарында күн сайын жок дегенде бир объекттин ачылышы болуп турат десек жаңылышпайбыз. Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкуловдун айтымында, Эгемендүүлүк күнү да шаарда бир нече маанилүү объекттердин ачылышы пландалууда.
“Эгемендүүлүк күнүндө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда В. Терешкова атындагы жатак-мектеп, бир катар жаңыланган жолдор, Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын жаңы имараты ачылат. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлер элге пайдаланууга берилет”, — деди ал.

Жалпылай айтканда, Ош шаары бардык тармактар боюнча — инфраструктура, билим берүү, социалдык камсыздоо жана шаардык көрктөндүрүү багытында тездик менен өнүгүп жатат. Шаарды модернизациялоо, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, мыйзамсыз курулуштарды ирээтке келтирүү, жолдорду кеңейтүү жана социалдык объекттерди куруу мэриянын башкы максаттарынын бири болуп саналууда. Бул иштердин баары Ош шаарынын тургундарынын жашоо сапатын жогорулатып, шаарды заманбап калаага айлантуу максатын көздөйт.